Кереге кеңеш, 2010 ж.

Кайыптан кабар алуу кыргыздын салттуу көрүнүшүбү же жаңы нерсеби?

Өткөрүлүүчү жер: Айгине маданий-изилдөө борбору
Убактысы: 4-март 2010-жыл, саат: 10.00-15.00

Катышуучулар:

  1. Ажыбаев Эргешбай
  2. Алдаяр Кенжебек
  3. Бакчиев Талантаалы
  4. Сакыбаева Нуржан
  5. Сариев Абдымамат
  6. Сейдахматова Чынара
  7. Тезекбаев Кубанычбек
  8. Муктарова Гулнара
  9. Монолдоров Кубанычбек
  10. Турдалиева Гульмира

2010-жылдын 4-мартында “Айгине” маданий-изилдөө борборунда “Кайыптан кабар алуу кыргыздын салттуу көрүнүшүбү же жаңы нерсеби?” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго кыргызчылык жолунда ар түрдүү мезгилден бери жүргөн 20 га чукул адам катышты. Элдик дарыгер Ажыбай Эргешбаев өзүнө жазуу маалыматынын кандайча келгендигин, кантип баяндарды жазып, аны китеп кылып чыгаргандыгын айтып берди. Бул адамдагы “автоматтык жазуу” деп түшүндүрүүгө боло турган кубулуш башка адамдарда дагы болгондугу катышуучулардын сөзүнөн байкалды. Абдымамат Сариев, Нуржан Сакыбаева, Гүлнур сыяктуу адамдар дагы өздөрүнө келген маалыматты кандайча китепке айланткандыгын айтып беришти. Өз тажрыйбалары тууралуу айтып берген катышуучуларга суроолор берилип, кызуу талкуу болду.

Тегерек столдун жүрүшүндө бир гана жазуу маалыматтары эмес, күүлөр дагы аян аркылуу келе тургандыгы анык болду. Белгилүү комузчу Алдаяр Кенжебек дал ушундайча жол менен өзүнө келген күүлөрүнөн чертип берди.

Тегерек столго кичине кечигип келген Рыспек Качикеев бир кезде союз жоюлуп, өлкө эгемендик алган мезгилде жаңы ой айтып чыккан адам болгон. Ал “Арбактар сүйлөйт” деген ат менен сандан-санга макала чыгарып, бул өңүттө биринчи жолу адамдын оозун ачырган маалыматтарды берген. Тегерек столдо бул киши дагы эч кимге айта элек айгине сырлары менен бөлүштү.

Жыйынтыгында кайып кабарлары дегенге так аныктама берүү мүмкүн эместиги, кайып кабарларына келгенде тигил туура же бул туура эмес деген пикирлер болбош керектиги, башкача айтканда аян, кабар алуучуларга карата этика маселеси дагы көтөрүлдү. Аталган маселе боюнча “Айгинеде” маал-маалы менен тегерек стол болуп тураары кулактандырылды.

Бул тегерк столдун жыйынтыгы кийинки жумадагы “Нур-Эл” гезитинин санына жарыяланды.