Кереге кенеш: «Манасчылык жана саясат», 2010 г.

Кереге кенеш: Манасчылык жана саясат

Убактысы: 20 октябрь 2010 ж.
Өткөрүлүүчү жер: «Айгине» маданий-изилдөө борбору
Тили: кыргызча

“Айгине” маданий-изилдөө борбору өз ишмердигин баштаган алгачкы күндөн тартып манасчылар менен иштешип келе жатат. Манасчыларды эл кыргыздын руханий туу чокусу болгон “Манас” дастанын алып жүрүүчүлөр катары билишет. Кийинки кездерде манасчылардын саясатка көбүрөөк аралашып баштоосу элдин туу туткан ошол руханий көрөңгөсүнө канчалык жана кандай таасир этет, ушул маселени талкуулоо максатында. “Айгине” маданий-изилдөө борборунда 20-октябрда “Манасчылык касиет жана саясат” деген темада кереге кеңеш (тегерек стол) болуп өттү. Тегерек столго манасчылар, окумуштуулар, изилдөөчүлөр, саясатчылар, кыргызчылыкты алып жүрүүчүлөрдүн башын кошкон ар түрдүү уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Манасчылардын саясатка катышышын туура көрбөгөн коомдук ишмер Чынара Сейдахматова жана Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков алгачкы сөздү сүйлөштү. Манасчыларга сөз берилгенде, алар парламентке өтүп калышса, ошол эле “Манастын” абалын жакшыртууну көздөшкөндүгүн, материалдык, же дагы башка эч кызыкчылык болбогондугун айтышты. Талкууга катышкан манасчылар Уркаш Мамбеталиев, Табылды Актанов, Кулмат Сыдыков, “Манастын” жаңы вариантын түзүп жаткан адам Кубанычбек Моңолдоров, окумуштуулар Кусеин Исаев, Үмүт Асанова, Саветбек Абдрасулов, Эмил Каныметов, Жылдыз Орозобекова, Бактыкан Төрөгелдиева, “Бакдөөлөт” коомдук уюмунун жетекчиси Мелис Мураталиев, аталган уюмдун мүчөсү Гүлнур, “Бата” уюмунун жетекчиси Кеңешбек Айтикеев, “Кут-Ордо” уюмунун мүчөсү Бакыт ж.б. лар бул өңүттөгү өз көз караштарын билдиришип, манасчылар бир эле учурда өлкөнүн жараны дагы экендигин, манасчылардын укугун белгилешти.

Талкууга негизги себеп – манасчылар Талантаалы Бакчиев менен Дөөлөт Сыдыковдун – “Каганат”, Улан Исмаиловдун “Замандаш” партиясы аркылуу шайлоо өнөктүгүнө катышкандыгы болду. Биринчи эки манасчы өз кезегинде аталган партиядан чыгышкандыгын билдиришти.

Жыйынды “Айгиненин” жетекчиси Гүлнара Айтпаева жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөө менен бүтүрдү.