Тренинг по защите авторских прав, Таджикистан, 2010 г.

2010-жылдын 18-25-апрелинде музыканттар, музыка тармагында эмгектенгендер жана музыка институттары үчүн Тажикстандын борбору Душанбе шаарында “Музыка биримдигинин келечеги” (МБК) уюмунун тренинги болуп өттү. Негизинен тренинг тажик музыканттары үчүн уюштурулган, бирок Бишкектен да бир канча өкүлдөр чакырылган. Аталган иш-чарага “Айгине” маданий-изилдөө борборунун кызматкери Чолпонай Усубалиева-Грищук барып катышып келди.

МБК – бул АКШнын борбору Вашингтон шаарында уюшулган, Кристенсен уюму тарабынан каржыланган коммерциялык эмес, изилдөө жана сактоо принциптеринин негизинде иш алып барган уюм. Алардын Душанбеде уюштурган тренингинин негизги максаты соода маселелерин, интеллектуалдык менчик укуктарын жана сынарип чөйрөсүнүн кыйынчылыктарын талкуулоо болду.

Фестивал башталаардан бир күн мурда уюштуруучулар музыканттар жана музыка институттарынан келген өкүлдөр менен жекече баарлашууларды өткөрүштү. Ал баарлашууларда музыка тармагынын азыркы күндөгү маселелери тууралуу кенен кеп болду. Фестивалда болсо “Айгинеден” барган өкүл уюмдун “Салттык музыканы сактоо жана өткөрүп берүү” деп аталган долбоору тууралуу презентация жасады. Долбоор кыргыздын белгилүү комузчусу Нурак Абдрахмановдун иштеп чыккан “Эн белги” системасы аркылуу комуз күүлөрүн нотага жана заманбап технологиялар аркылуу видеотасмага түшүрүүгө багытталган.