Улуу От ырымы, 2010 ж.

Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы, Түгөл Ата ыйык жеринде болуп өткөн
“Улуу от” аземи

Убактысы: 20-21 март

Максаттар: Түгөл-Ата мазарына зыярат, бул ыйык жерде кыргыздын жаңы-жылы Ноорузду тосуу, Улуу от жагуу ошону менен бирге Теңирге сыйынып бата тилөө жана бул иш-аракеттердин аткарылышын, маанисин, өзгөчөлүктөрүн байкоо.

Иш аракеттер:

  • «Улуу Кыргыз Ордонун» негиздөөчүлөрү: К. Тезекбаев жана А. Байсаловдун алып баруусунда катышуучулар менен таанышып, ыйык жерлердин касиеттери, теңирчилик, кут, кайып илими, кыргызчылык жөнүндө ой-пикирлер менен алмашуу
  • Улуу Кыргыз ордосунун символу катары желекти көтөрүү
  • Сүмөлөк бышыруу аземи
  • Манас айтуу
  • «Улуу От» бата тилек.
  • «Теңир сыйы» Күн тозуу аземи.
  • Нооруз майрамына катышуу

Баарлашуу, ар ким башынан өткөргөн сырдуу окуяларды жана бул окуяларга байланыштуу өз ой-пикирлерин, далилдерин маек кылып жатышты.
К. Тезекбаев (“Улуу Кыргыз ордо” уюмунун негиздөөчүсү) мазарлардын касиеттерин жана алардын байланыштарын айтып өттү. Алар: Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Түгөл-Ата, Кароол-дөбө, Чеч-дөбө ж.б. ыйык жерлери. Улуу Кыргыз ордосунун миссиясы, жасаган иш аракеттери, айылдын турмушу тууралуу маалымат берди. Ал эми Түгөл-Ата мазарынын шайыгы Түгөл: Түгөл-Ата мазарына келген зыяратчылар, анын жанындагы “наристе булак” тын касиеттери жөнүндө кеп кылды. Наристе булакка келип зыярат кылып бала сурагандардын саны 29 болуп баары тең балалуу болгондугун айтты. Ошондой эле кайыптан илим алган Бүбү Мариям эженин көзүнүн ачылышы ушул жерге байланыштуу болгондугун жана теңирчилик тууралуу маалымат берди.

Баарлашуу абдан кызыктуу болуп, ойлор эркин айтылып, суроо-жооптор менен коштолду.

Улуу Кыргыз ордосунун символу катары желекти көтөрүү. Тоонун башында кар жаап турду. Желекти көтөрүп илүүгө Чолпонай (Айгине уюмунун ишмери) катышты.

Сүмөлөк бышыруу айылдан келген жана ошол үйдүн очок кожоюну тарабынан ишке ашты. Бышыруу процессинде сүмөлөктүн(көжө) тарыхий баяндамасы жөнүндө маалымат ала алдык. Жасоо шартына ылайык ошол жердеги катышуучулар аралаштырдык жана эртең менен даяр болгондо каалоо-тилек айтып ооз тийдик.

Манас айтуу. Айгине уюмунун мүчөлөрү менен барган манасчы У. Исмаилов Манас айтты. Катышуучулар абдан кунт коюп угуп отурушту.

“Улуу от” бата, тилек. Улуу от саат 00:00 дөн баштап жагылды. Гүлнара эженин (Айгине маданий изилдөө борборунун жетекчиси) айтуусу боюнча от жагуу ырымынын ыкмаларын жана шарттарын билбегендиктен от тутандырууда бираз тоскоолдуктар болду. От жагуу процессинде катышуучулар отту тегерете турушуп, бата, тилектерин айтып жатышты. Аянчы Жапаркул агай бата айтып баштап берди.

“Теңир сыйы” Күн тосуу аземи. Жаңы-жылдын биринчи күнү күндү тосуу үчүн “Улуу Кыргыз ордосуна” чыгып теңирге кайрылып сыйындык.

Нооруз майрамына катышуу. Айыл өкмөтүнүн демилгеси менен айылдын мектебинде өткөрүлүп жаткан, Нооруз майрамына катышты. Мектеп окуучуларынын абдан күчтүү таланттарына күбө болдук.

Корутунду. 20-21 март жаз айы болсо да, Улуу кыргыз ордосунда кар жаап турду. Тоонун башы, суук, электр жок болгонуна карабастан, жакшы даярданып, коноктоогожана иш-алып барууга аракет кылышты. Жогоруда айтылган иш-аракеттедин ар биринде жакшы ой-тилектер айтылып, элдин пейилин оңдоп, өзүн таанып, туура жолго түшүүгө жол көрсөтүп жана теңирдин күчүнө ишенип, ага таазим кылуу керектигин билдирген ой-пикирлер айтылды. Ар бир айтылган сөздөрдүн жана жасалган иш-аракеттердин өзгөчөлүктөрү байкалып турду. Менимче көңүл бураарлык бул – ыйык жерлердин касиетине ишенип, жаратылыш, табийгат менен тыгыз байланышта болгон адамдардын болгондугу. Ошондой эле иш-аракеттерге карата, биздин ар бир кыймылыбыз теңирдин буйругу жана анын каалоосу менен болгондугун айтып далилдеп жатышты. Мисалы: мени таң калтырган Чолпонай эженин желекти көтөргөнү жана ал көтөрүп жатканда катышуучулар “Аял киши бийликке келет экен, тууну аял киши көтөрдү”-деп айткандары жана анын бираз убакыт өткөндөн кийин аткарылышы болду. Ушул сыяктуу кыймылдарды далилдери менен айтып жатышты. Мындан тышкары Түгөл-Ата мазарынын шайыгы Түгөлдүн баяндарынан анын ички дүйнөсү аябай бай экендиги байкалды.

Бул саякат аз убакыт болсо да, андан көп нерсени үйрөнүп пайдалуу маалымат ала алдык деп ойлойм.