«Ырым-жырымдарды түшүндурүүнүн учурдаг маанилүү ыкмалары» – эл аралык семинар, 2006 ж.

Эл аралык семинар: «Ырым-жырымдарды түшүндүрүүнүн учурдагы маанилүү ыкмалары
(ырым-жырымдардын функциялары, алардын маани-маңызы, салттардагы ырым-жырымдар)»

Убактысы: 5-6 июнь, 2006-жыл.
Өткөрүлүүчү жер: Талас шаары, Кыргызстан
Тили: англисче, кыргызча, орусча

Максаты:
Ырым-жырымдар теориясынын катышуучусу Адам Б. Селигман жана Роберт П. Веллерди тааныштыруу жана бул теорияны Борбордук Азиядагы ырым-жырымдарда колдонуу.

Семинар 2006-жылы 5-6-июнда Талас шаарында болуп өттү. Борбордук Азия өлкөлөрүнө 45 катышуучу катышты. Туркменистан жана Америка өлкөлөрүнөн башкасы. (катышуучулардын тизмесин карагыла).

Семинар Бостон (АКШ)университетинен келген ырым-жырымдар боюнча адистердин Профессор, Адам Б. Селигмен жана профессор Роберт П. Веллердин жардамы менен жеңилдештирилди.

Семинарды ар тараптуу болуп өттү. Бардык катышуучулар изилдөөлөрдүн жана байкоолордун негизинде баалуу кошумчаларын кошушту.

Синхрондуу котормо (кыргызча, англисче, орусча) болуп жатты.

Семинардын адаттагыдай эмес, эксперименталдуу өзгөчөлүктөрү болду. Анткени, катышуучулар ар кандай болуп, алардын бирге иштөөсү болду. Биз: батыштын билимдүү адамдары менен жергиликтүү билими жок жана билимдүүлөрдү; теоретик менен практиктерди; студенттер менен улуу муунду; ар кандай этникалык жана диний ырымдардын алып жүрүүчүлөрүн т.а. кыргыз, орус, өзбек, тажик, казак, еврей жана исламдын ырым-жырымдарын ортого алып, бириктирдик.

Теория менен практиканы бириктирүү үчүн, ыкма издедик. Жогорку билимдүүлөрдүн теориялары менен билими жок тажрыйбачылардын иштеген тармактары бир болгондуктан, аларды бириктирдик. Башкача айтканда, семинардын негизги максаты: ырым-жырымдар дүйнөсүнө бирдиктүү кадам таштоо.

Бул абдан чечкиндүү иш-аракет болду, анткени ар кандай кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн эле. Эки тарап бирин-бири түшүнүп, бирини сөзүн бири угаар беле-деп сарысанаа болуп жаттык. 3-5саат өткөн сон мындай ойлорубуз четке кагылды. Талкууларда ар кандай тилде сүйлөнгөндүктөн, официалдуу эмес тилде сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилди. Себеби, ырым-жырымдар аткарылып жатканда ички эмоциаларын жашырбоо үчүн.

Ыйык жердин таасири семинар учурунда абдан байкалды. Анткени, катышуучулар ыйык жерге зыярат кылып келгенден кийин, руханий тынчтыкты сактап, чыдамдуулук менен ырым-жырымдарга катышып отурушту.

Бул семинардагы атмосфера боюнча, ошондой эле адаттагыдай эмес семинардын сүрөттөгөн кеңешчи Лена Молчанованын эссеси бар. Ушуга байланыштуу дагы бир канча эссени Айгине “Азыркы учурда Кыргызстандагы зыярат кылынган ыйык жерлер” деген китепке камтыды.

Топтордун иштеринин кээ бир көрг өзмөлөрү:

  • Ырым-жырымдардын мааниси;
  • Ырым-жырымдардын сырттагы болуп жаткан нерселерди көрсөтүшү;
  • Ырым-жырымдар сөзсүз түрдө диний болбойт (мисалы: ыраазычылык жана өтүнүчтү билдирүүдө)
  • Ырым-жырым бир коомду пайда кылат;
  • Ырым-жырымсыз коом болбойт;
  • Адамдардын жашоосу ырым-жырымдарга көз каранды;
  • Ар бир коомдук дүйнө -ар бир күнү биз жаратып жаткан дүйнөдөн турат.

Д-р Гүлнара Айтпаева тарабынан даярдалган