Ыссык-Көл аймагындагы ыйык жерлерди изилдөө, 2006 ж.

Семинар: Ысык-Көл аймагындагы ыйык жерлерди изилдөө боюнча семинары

Убактысы: 8-9 апрель, 2006 ж.
Өткөрулүүчү жер: Каракол шаары, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тили: кыргызча

Максаты: жумушчу тобуна Ысык-Көл аймагындагы ыйык жерлер тууралуу маалымат чогултуу жана жазып чыгууга жардам берүү жана аларды машыктыруу.

Жумушчу тобу Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрдөн 2006-жылы мартта түзүлгөн. Бул семинар 2006-жылдын 2-3 мартында Бишкекте өттү. Жумушчу топ семинар өткөрүү үчүн даярдыктарга баштады:

  • жергиликтүү тургундар менен жолугушуу,
  • керектүү маалыматтарды чогултуу;
  • Таластагы өрнөктөргө карата,
  • талаа маалыматтарын жазып алуу;

Алгач бештен студент беш аймакка бөлүнгөн. Алардын ар бири өзүнүн аймагында изилдөө жүргүзүштү. 2006-жылдын апрель айында, Караколдо семинар өттү.

Кыйынчылыктардын бири жумушчу топтун аз болгондугу жана аз убакыттын ичинде, алыс тараптагы ыйык жерлерге барып, маалымат чогултуу болду. Айгине жумушчу топтун санын бир айдын ичинде 9 чейин көбөйтүү үчүн чечимин кабыл алды. Бардык 9 катышуучу фотоаппарат, диктофон жана кассеталар менен камсыз кылынды.
Идеологиялык мүнөздө да кыйынчылыктар болуп жатты. Мисалы: жергиликтүү имамдардын көбү ыйык жерлерге зыярат кылууга каршы болушту. Алардын оюу боюнча ыйык жерлерге сыйынуу болбойт. Бул сыйынуу шаманизм менен байланышта деп түшүндүрүштү. Алар, ыйык жерлерден- байлык, суудан, таштан, бак-дарактардан – ден соолук сурашат, бул көрүнүш – шаманизмге тиешелүү деп айтышты. Ысык-Көлдөгү жумушчу тобу, Таластагы тажрыйбаларга таянып, ыйык жерлерге барып тоо-таштан, жер-суудан эчнерсе сурашпайт. Ал жерге барып, ошол жерде көмүлгөн кишилердин арбактарына арнап, куран окушуп, кудайдан ден-соолук, тынчтык ж.б. нерселерди сурашат. Элдер мазарлардан эмес кудайдан сурашат деп жооп беришти.

Кеңешчи Натан Лайт талкууларга катышып, мындай маселелерди чечүү үчүн ой-пикирлерин сунуштады.

Семинарга катышкан, изилдөөчүлөрдүн тизмеси:

  1. Иманбаев Аваз
  2. Турузбеков Улан
  3. Турузбеков Урмат
  4. Дүйшөнкулов Айбек
  5. Акматова Калича
  6. Аканов Дөөлөт
  7. Мамбеталиева Нуржамал
  8. Калчаев Канат
  9. Супатаева Шайыр

Мындан сырткары, кээ бир табыптар, Караколдогу ыйык жерлердин кароолчулары, Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин профессорлору жана студенттери чакырылган.

Ал эми отчеттор боюнча, жумушчу топ Ысык-Көлдөгү 116 зыярат кылынып жаткан жерди билдиришти. Алардын ичинен экөөнүн гана кароолчулары бар экен. Алар:

  • Манжылы-Ата ыйык жерининин шайыгы – имам Кадырбек
  • Каракол- Ата ыйык жеринин шайыгы – Тахир молдо

Жумушчу топтун мүчөлөрү талаа изилдөөлөрүнө жергиликтүү улуу эркек кишилер чоң жардам беришкендерин айтышты. Карылыгына карабастан, жумушчу топ менен бирге тоолорго чыгышып, алыс жолду басышып, ыйык жерлерге баруучу жолдорду көрсөтүп жатышты. Ошондой апрель-март айлары болгондуктан тоонун башында дагы эле кар жаткан болчу. Суукка карабастан жумушчу топ менен бирге жүрүштү. Алар: Жети-Өгүз айылынын тургуну Бурулкан эже, Ак-Дөбө айылынын тургуну 1924-жылы туулган Темиркул ата ж.б.
Семинарлардын максаты: жумушчу топторун Ысык-Көл аймагындагы ыйык жерлер тууралуу маалымат чогултууга жана негизги маалыматтарды жазып алууга жардам берүү болду.

Д-р Гүлнара Айтпаева тарабынан даярдалган.